Бишкек, 2026-жылдын 1-сентябры – Karavan Info маалымат агенттиги. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин делегация башчылары ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине катышуу үчүн Ырыс Ордо конгресс залына келишти.

Саммитке Беларустун президенти Александр Лукашенко, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Ирандын президенти Масуд Пезешкян, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана Орусиянын президенти Владимир Путин катышууда.
Мамлекет башчыларын Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тосуп алды.
Тосуп алуу аземинен кийин делегация башчыларынын биргелешкен сүрөткө түшүү аземи болду.
Андан кийин катышуучулар ШКУнун саммитине катышуу үчүн жыйындар залына өтүштү.
Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы
