Бишкек, 2026-жылдын 1-сентябры – Karavan Info маалымат агенттиги . 1-сентябрда чет өлкөлүк мамлекет башчылары Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтө турган Бишкектеги Ырыс Ордо конгресс залына келе башташты.

Чет элдик лидерлерди башкы кире бериште Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев тосуп алууда. Конгресс залынын ичинде президент Садыр Жапаров аларды чогуу сүрөткө түшүү үчүн күтүп турат.
Саммитке катышуу үчүн төмөнкүлөр келди:
- Масуд Пезешкиан – Ирандын президенти;
- Шахбаз Шариф – Пакистандын премьер-министри;
- Александр Лукашенко – Беларустун президенти;
- Касым-Жомарт Токаев – Казакстандын президенти;
- Эмомали Рахмон Тажикстандын президенти.
Мамлекет башчыларынын келишинен кийин ШКУ саммитинин негизги иш-чаралары башталат.
ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны жана ШКУ+ саммити Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өтөт.
Иш-чараларга 17 өлкөнүн лидерлери жана өкүлдөрү катышаары күтүлүүдө. Алардын арасында:
- Режеп Тайип Эрдоган – Түркиянын президенти;
- Александр Лукашенко – Беларустун президенти;
- Нарендра Моди – Индиянын премьер-министри;
- Масуд Пезешкиан – Ирандын президенти;
- Касым-Жомарт Токаев – Казакстандын президенти;
- Си Цзиньпин – Кытай Эл Республикасынын төрагасы;
- Шахбаз Шариф – Пакистандын премьер-министри;
- Владимир Путин – Орусиянын президенти;
- Эмомали Рахмон – Тажикстандын президенти;
- Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын президенти;
- Ильхам Алиев – Азербайжандын президенти;
- Никол Пашинян – Армениянын премьер-министри;
- Ухнаагийн Хурэлсух – Монголиянын Президенти;
- Форе Эссозимна Гнассингбе – Тогонун Министрлер Кеңешинин төрагасы;
- Тонглун Сисулит – Лаостун президенти;
- Во Тхи Ань Суан – Вьетнамдын вице-президенти;
- Хусейн Иса Египеттин вице-премьер-министри.
Ошондой эле ШКУнун баш катчысы Нурлан Ермекбаев, БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш, КМШнын баш катчысы Сергей Лебедев, ЖККУнун баш катчысы Таалатбек Масадыков баш болгон эл аралык уюмдардын өкүлдөрү күтүлүүдө.
Саммитте эл аралык жана аймактык маселелер, ШКУну андан ары өнүктүрүү, саясат, соода, экономика, транспорт, логистика, санариптештирүү, экология, маданият жана гуманитардык чөйрөдөгү кызматташуу талкууланат.
Жыйындын жыйынтыгында ШКУнун 25 жылдыгына арналган Бишкек декларациясына, ошондой эле башка бир катар документтерге жана тематикалык билдирүүлөргө кол коюлушу күтүлүүдө.
ШКУ+ форматында катышуучулар БУУнун жана эл аралык укуктун ролун, туруктуу өнүгүүнү жана аймактык кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулашат.
Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы
