Бишкек, 2026-жылдын 2-сентябры – Karavan Info маалымат агенттиги. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шариф бүгүн, 2-сентябрда улуттук каада-салттарга жана маданиятка арналган этномаданий программага катышышты.

Делегациялардын жетекчилери орто кылымдагы көчмөн маданият катары стилдештирилген "Кыргыз айылы" көргөзмө комплекси орнотулган Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркына барышты.
Конокторду добулбас барабандарынын үнү менен импровизациялык акындар, соот кийген баатырлар жана улуттук кийимчен кыздар тосуп алышты.
Пакистандык делегацияга салттуу кыргыз тамактары, ошондой эле кол өнөрчүлүк искусствосунун элементтери, анын ичинде килем, шырдак, боз үйдүн бөлүктөрүн, кылычтарды жана согуштук балталарды жасоо көрсөтүлдү.
"Кайбар" фольклордук ансамбли Кыргызстан жана Пакистан элдеринин музыкалык чыгармаларын, ошондой эле дүйнөлүк классикалык чыгармаларды аткарды.
Ошондой эле чет элдик конокторго жырткыч куштардын жана тайгандардын катышуусундагы аңчылык көрсөтүлүп, аларга улуттук бийлер тартууланды.
Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы
