ООГАНСТАН, 2026-жылдын 3-сентябры – Karavan Info маалымат агенттиги. Талибандын өкүлү Забихулла Мужахид акыркы бир жылда өлкөнүн Коргоо министрлигинин күчтөрү атайын операциялардын жүрүшүндө 804 аткезчи кармалганын билдирди.

Анын айтымында, кармалгандардан 232 жеңил унаа, 26 мотоцикл, бир Рейнджер жана бир байланышты бөгөттөөчү түзүлүш алынган. Муджахид кармалгандар кандай товарларды аткезчилик жол менен алып өтүп жатканын тактаган жок.
Мындан тышкары, коопсуздук күчтөрү 2858 жеңил жана оор курал-жарак, 2854 ок-дары, 169 мина, 7 кол гранатасы, 7 радио жана 10 дүрбү таап, тартып алышкан.
Мужахид ошондой эле коопсуздук коркунучтарынын жана аткезчиликтин алдын алуу үчүн Дюранд линиясы боюнча атайын бөлүмдөрдүн түзүлөөрүн, ошондой эле тактикалык жана атайын операциялар боюнча жылдык план даярдалаарын жарыялады.
Анын айтымында, Коргоо министрлиги ошондой эле аскер кызматкерлеринин даярдык деңгээлин жогорулатуу, жабдууларды оңдоочу устаканаларды түзүү жана Ички иштер министрлиги жана чалгындоо кызматы менен координацияны күчөтүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат.
Сүрөт: Getty Images
