Астана, 2026-жылдын 4-сентябры – Karavan Info маалымат агенттиги. Казакстандын Экология жана жаратылыш ресурстары министрлиги казак тазы жана казак койчусу (төбет) күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрдү. Бул майрам өлкөдө биринчи жолу белгиленип жатат.

Салтанаттуу иш-чарага экология министри Алибек Куантыров, Казакстандын кинологдор союзунун өкүлдөрү, ит багуучулар, иттерди үйрөтүү жана көрсөтүү боюнча адистер катышты. Куантыров катышуучуларды куттуктап, улуттук тукумдарды сактоонун, алардын табигый сапаттарын өнүктүрүүнүн жана ата мекендик кинологияны колдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Майрамдын алкагында тазы менен төбөттү өстүрүүгө жана жайылтууга салым кошкон 20 адам министрликтин ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары менен сыйланышты.
Сүрөт: Казакстан Республикасынын Экология жана жаратылыш ресурстары министрлиги
