2026-жылдын 7-сентябрында Бишкекте Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Зимбабве Республикасынын Тышкы иштер жана эл аралык соода министрлигинин ортосунда эки тараптуу мамилелердин тарыхындагы биринчи саясий консультациялар өттү.

Консультациялардагы кыргыз делегациясын Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов, ал эми Зимбабве делегациясын Зимбабве Республикасынын Тышкы иштер жана эл аралык соода министрлигинин туруктуу катчысы Альберт Р. Чимбинди жетектеди.
Консультациялардын жүрүшүндө тараптар кыргыз-зимбабве мамилелерин өнүктүрүү келечегин, саясий диалогду андан ары бекемдөөнү жана эки өлкөнүн ортосундагы практикалык кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулашты.
Соода-экономикалык кызматташтыктын келечектүү багыттарына, геология, туризм жана санариптештирүү жаатында тажрыйба алмашууга, ошондой эле эки өлкө тең 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчө болуп шайланган БУУнун Коопсуздук Кеңешинин алкагындагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын ортосундагы байланыштарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Консультациялардын жыйынтыгында тараптар саясий диалогду улантууга жана үзгүлтүксүз консультацияларды өткөрүүгө, ошондой эле кыргыз-зимбабве мамилелерин өнүктүрүүгө жаңы дем берүүгө багытталган жетишилген келишимдерди ишке ашырууга өз ара кызыкдар экендигин тастыкташты.
Булак: Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилиги
