Эл аралык Ысык-Көл оюндары башталды. - ИА Караван Инфо
Эл аралык Ысык-Көл оюндары башталды.

Бишкек, 2026-жылдын 9-сентябры – Karavan Info маалымат агенттиги. Ысык-Көл облусунда 8-сентябрда Эл аралык Ысык-Көл оюндарынын расмий ачылыш аземи өттү.

Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Урмат Асанбаев катышты.

Эл аралык оюндар спорттун 21 түрү боюнча өтүп жатат. Кыргызстандык спортчулардан тышкары, Орусия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Литва, Германия, АКШ, Иран, Корея жана Монголиядан спортчулар катышууда.

Мелдештин жүрүшүндө спортчулар ар кандай спорт түрлөрү боюнча байгелер үчүн күч сынашат.

Ысык-Көл эл аралык турнири спортчулардын ортосунда тажрыйба алмашууну, эл аралык спорттук байланыштарды чыңдоону жана Ысык-Көл аймагында спорттук иш-чараларды өнүктүрүүнү максат кылат.

Мелдеш 12-сентябрга чейин уланат.

Сүрөт: Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик