Президент Садыр Жапаров Сеулдагы Улуттук мемориалга гүл койду. - ИА Караван Инфо
Президент Садыр Жапаров Сеулдагы Улуттук мемориалга гүл койду.

Бишкек, 2026-жылдын 16-сентябры – Karavan Info маалымат агенттиги. Бүгүн, 16-сентябрда, Корея Республикасына расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Сеулдагы Улуттук мемориалга барып, гүлчамбар коюу аземине катышты.

Мамлекет башчысы Кореянын көз карандысыздыгы үчүн курман болгон баатырлардын элесине урмат көрсөтүп, ардактуу коноктор китебине эскерүү жазуусун калтырды.

Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы