Астана, 2026-жылдын 18-сентябры – Karavan Info маалымат агенттиги. Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Арман Исагалиев Нигерия Федеративдик Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, Казакстанда бир эле учурда аккредитацияланган Жозеф Олусола Ижи менен жолугушту.

Элчи ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырып, эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө болгон берилгендигин тастыктады.
Исагалиев элчини дайындалышы менен куттуктап, анын миссиясы Астана менен Абуджанын ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө салым кошооруна ишеним билдирди. Тараптар саясий диалогду активдештирүү, соода-экономикалык өнөктөштүктү чыңдоо, айыл чарба жана өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Сүрөт : Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
