БИШКЕК, 2026-жылдын 22-сентябры – Karavan Info маалымат агенттиги. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путинди шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

Жапаров Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди өнүктүрүүдө парламенттер аралык кызматташтыктын маанилүү ролун белгиледи.
Ал эки өлкөнүн депутаттары кызматташууну кеңейтүү жана достук байланыштарды чыңдоо үчүн биргелешип иш алып барууну уланта берерине ишеним билдирди.
Президент Путинге мамлекеттик ишинде мындан ары да ийгиликтерди, ал эми орус элине тынчтык, туруктуулук жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.
Анын айтымында, жаңы Мамлекеттик Дума Орусиянын алдында турган милдеттерди ишке ашырууга салым кошот.
Сүрөт: Дмитрий Азаров / Коммерсант
