ООГАНИСТАН, 2026-жылдын 30-сентябры – Karavan Info маалымат агенттиги. Шейшемби күнү, 29-сентябрда, Ооганстандын Тышкы иштер министрлиги Пакистандын Кабулдагы убактылуу өкүлүн чакырып, куралдуу топтордун Дюранд линиясы аркылуу Нуристан провинциясына кирип келишине нааразылык билдирди.

Ооганстан министрлигинин маалыматы боюнча, согушкерлер, анын ичинде ИШИМ* менен байланышы барлар Пакистандын колдоосу менен чек арадан өтүүгө аракет кылышкан.
Кабул топтор Камдеш районунда иш алып барганын жана Пакистан армиясы аларды Ооганстанга жөнөтөрдөн мурун өздөрү көзөмөлдөгөн аймакта жалдап, машыктырып, жабдып турганын ырастайт.
Талибандын Коргоо министрлиги Камдеште 28 согушкер өлтүрүлүп, дагы 32си кармалганын билдирди. Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, коопсуздук күчтөрү чабуулдардын алдын алган.
Кабул окуяны Ооганстандын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузуу деп атап, эгер мындай аракеттер улана берсе, кесепеттери үчүн Пакистан жоопкерчилик тартаарын эскертти.
Исламабаддын реакциясы жарыяланган учурда белгисиз болчу.
*Орусия Федерациясында тыюу салынган уюм.
Сүрөт: DID
