МОСКВА, 2026-жылдын 30-сентябры – Karavan Info маалымат агенттиги. Орусия элчилиги эгерде НАТО Калининград облусун обочолонтууга аракет кылса, Москва өзүнүн бардык арсеналын, анын ичинде ядролук куралды да коргоо үчүн колдонууга даяр экенин билдирди.

Дипломатиялык миссия альянстын Калининград облусун аба жана деңиз блокадасына даярдоо мүмкүнчүлүгү тууралуу маалыматка тынчсыздануусун билдирди.
Элчилик европалык саясий элитаны "жоопкерчиликсиз жана алысты көрө албаган" деп атап, мындай аракеттер кооптуу оюн экенин билдирди.
Орусиялык дипломаттар ошондой эле Батыш маалымат каражаттары коргонууга кеткен чыгымдардын көбөйүшүн, Европанын милитаризацияланышын жана Киевди колдоону улантууну актоо үчүн Орусиянын коркунучу жөнүндөгү тезисти жайылтып жатканын билдиришти.
Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин Калининградга кол салуу аракети болгон учурда катаал жооп кайтарылаарын эскертип, Орусиянын бул үчүн зарыл каражаттары бар экенин билдирген.
Сүрөт: Алексей Никольский / РИА Новости
