Адылбек Касымалиев Беларусь Республикасына жумушчу сапар менен барат - ИА Караван Инфо
Адылбек Касымалиев Беларусь Республикасына жумушчу сапар менен барат

Бишкек, 2026-жылдын 30-сентябры – Karavan Info маалымат агенттиги. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ушул жылдын 1-2-октябрында Беларусь Республикасына (Минск) жумушчу сапар менен барат.

Премьер-министр Адылбек Касымалиев жумушчу сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар жана кеңейтилген форматтардагы кезектеги жыйындарына катышат. Күн тартибинде соода-экономикалык кызматташтыкка жана ар кандай тармактардагы өз ара аракеттенүүгө байланыштуу кеңири маселелер камтылган.

Адылбек Касымалиев бир катар өлкөлөрдүн делегация башчылары менен бирге "Иннопром. Беларусь 2026" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышып, көргөзмөнүн пленардык жыйынында "Өнөр жай жана технологиялык кызматташтык: өз ара толуктоочу өнөктөштүк" деген темада сөз сүйлөйт.

Белгилей кетсек, иш-чараларга Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин: Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын өкмөт башчылары, ошондой эле ЕАЭБдеги байкоочу мамлекеттердин жана чакырылган өлкөлөрдүн делегацияларынын башчылары жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы катышат.

Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети