Мээрим Жуманазарова Азия оюндарында коло медалга ээ болду.
Бишкек, 2026-жылдын 1-октябры – Karavan Info маалымат агенттиги. 30-сентябрда Япониянын Айчи-Нагоя шаарында өткөн 20-Азия оюндарында Кыргызстандын аялдар күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Мээрим Жуманазарова 68 кг салмактагы категорияда коло медалды жеңип алды.

Биринчи беттеште Мээрим Жуманазарова өзбекстандык Фируза Есенбаеваны 8:0 эсебинде жеңип, кийинки этапка өттү.
Жарым финалда кыргызстандык спортчу КЭДРдин өкүлү Пак Соль Гум менен беттешип, утулуп калды.
Коло медаль үчүн күрөштө Мээрим Жуманазарова түштүк кореялык Пак Хён Кёнду 8:1 эсебинде жеңип, XX Азия оюндарынын коло медалынын ээси болду.
Сүрөт: Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик
