ООГАНИСТАН, 2026-жылдын 8-октябры – Karavan Info маалымат агенттиги. Орусиянын Транспорт министрлиги орусиялык компаниялар Ооганстандын темир жол жана порт инфраструктурасын, анын ичинде Хайратан портун өнүктүрүүгө катыша аларын жарыялады.

Орусиянын транспорт министринин орун басары Дмитрий Зверев Ооганстан темир жол башкармалыгынын башкы директору Абдулкарим Фатех менен жолугушту.
Тараптар орусиялык компаниялардын Ооганстандын темир жол инфраструктурасын жана дарыя портторун, анын ичинде Хайратанды өнүктүрүүгө катышуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Транс-Афган темир жолу долбоорун өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан тышкары, Эл аралык Түндүк-Түштүк транспорттук коридорунун чыгыш багытынын учурдагы инфраструктурасын колдонуу менен жүк ташууларды кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Орусиянын Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, тараптар ошондой эле Ооганстан менен Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы транспорттук кызматташтык боюнча конференциянын алкагында транзиттик операциялар жана өз ара аракеттенүү үчүн укуктук базаны түзүү маселесин талкуулашты.
Сүрөт: Жасалма интеллект тарабынан түзүлгөн
