ООГАНЫСТАН, 2026-жылдын 8-октябры – Karavan Info маалымат агенттиги. Талибандын тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки Москва форматындагы сегизинчи жолугушуунун алкагында Кытайдын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Юй Сяоюн менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Тараптар эки тараптуу мамилелерди, аймактагы кырдаалды жана кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулашты.
Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Муттаки Москва форматындагы жолугушууда Ооганстан боюнча Кытайдын "конструктивдүү жана тең салмактуу позициясы" үчүн ыраазычылык билдирди.
Анын айтымында, эки өлкөнүн ортосундагы өз ара урматтоого жана жалпы кызыкчылыктарга негизделген мамилелерди андан ары чыңдоо үчүн жагымдуу шарттар бар.
Юй Сяоюн Талибан менен Кытайдын ортосундагы мамилелерди "позитивдүү" деп мүнөздөп, ооган делегациясына аймактык кырдаал боюнча Бээжиндин позициясын тааныштырды. Ошондой эле ал Ооганстанда аймактык туруктуулукту, өз ара кызматташууну жана аймактык байланышты өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Жолугушууга Талибандын Орусиядагы элчиси Гүл Хасан Хасан да катышты.
Амир Хан Муттаки жекшемби күнү Москва форматындагы жолугушууга катышуу үчүн Орусияга келген жана, сыягы, али Ооганстанга кайтып келе элек.
Аймактык жолугушууга катышуудан тышкары, ал Орусиянын расмий өкүлдөрү, анын ичинде тышкы иштер министри, Коопсуздук кеңешинин катчысы жана биринчи вице-премьер-министр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Сүрөт: Ооганстандын Тышкы иштер министрлиги
