Ооганстан Индияны бүтпөгөн курулуш долбоорлорун кайра баштоого чакырды - ИА Караван Инфо
Ооганстан Индияны бүтпөгөн курулуш долбоорлорун кайра баштоого чакырды

АФГАНИСТАН, 9-октябрь, 2026-жыл – Караван Инфо маалымат агенттиги. Талибандын экономика министри Дин Мохаммад Ханиф Индиянын Кабулдагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Ятин Пател менен жолугушту.

Тараптар экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана өнүктүрүү жаатында пикир алышты.

Ооганстандын Экономика министрлиги социалдык медиада билдиргендей, Ханиф Кабул менен Нью-Делинин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, индиялык тарапты Ооганстандагы республика доорунан бери бүтпөй калган долбоорлорду кайра баштоого жана аягына чыгарууга чакырды.

Өз кезегинде Ятин Пател Индия ооган элинин кызыкчылыгы үчүн экономикалык кызматташтыкты жана өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууну улантууга ниеттенип жатканына ишендирди.

Талибан бийликке келгенге чейин Индия Ооганстандагы көптөгөн инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык долбоорлорду каржылап келген.

2021-жылдын август айында бийлик алмашкандан кийин, алардын бир катарларынын ишке ашырылышы токтотулган.

Сүрөт: Бахтар жаңылыктары