Путиндин Түркмөнстанга эки күндүк жумушчу сапары
АШХАБАТ, 2026-жылдын 9-октябры – Karavan Info маалымат агенттиги. Кечээ, 8-октябрда, Россиянын президенти Владимир Путин Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) саммитине байланыштуу иш-чараларга катышуу үчүн эки күндүк жумушчу сапар менен Түркмөнстанга келди.

Орус лидери Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен Аваза улуттук туристтик аймагында жолугушту.
Мамлекет башчылары орус-түркмөн мамилелериндеги негизги маселелерди талкуулашты. Андан башка эч кандай маалымат берилген жок.
Сапардын программасында Путиндин КМШнын иш-чараларына катышуусу да камтылган.
Сүрөт: Биринчи канал
