ООГАНИСТАН, 2026-жылдын 12-октябры – Karavan Info маалымат агенттиги. Өзбекстандын Маданий мурастар департаментинин делегациясы Ооганстандын түндүгүндөгү Тахар провинциясынын Ишкамыш районунда жайгашкан тарыхый Шах Машраб Баба ыйык жайын комплекстүү реконструкциялоону убада кылды.

Долбоорго мечит, коомдук китепкана куруу, жашылдандыруу жана унаа токтотуучу жай куруу кирет.
Жекшемби, 11-октябрда Ооганстандын Маалымат жана маданият министрлиги билдиргендей, өзбек делегациясы Тахарга болгон сапарында тарыхый комплекстин ар кайсы бөлүктөрүнө барып, аны калыбына келтирүүнүн чоо-жайын талкуулашты.
Делегациянын башчысы, Өзбекстандын Маданий мурастар департаментинин башчысынын орун басары Азизжан Арифжановдун айтымында, реконструкциялоо планына курмандык чалуучу жай жана даарат алуу үчүн бөлмө түзүү да кирет.
Анын айтымында, тизмеде көрсөтүлгөн жайлардан тышкары, ыйык жайга келгендер үчүн башка зарыл болгон ыңгайлуулуктар да камсыздалат.
Сүрөт: Ооганстандын Маалымат жана маданият министрлиги
