Бишкек, 2026-жылдын 16-октябры – Karavan Info маалымат агенттиги. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 15-октябрда расмий сапар менен Армения Республикасына келди.

Мамлекет башчысынын учагы Еревандагы Звартноц эл аралык аэропортуна конду.
Президентти учактын тепкичинен Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Аэропорттун аймагына кызыл килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилип, Кыргызстан менен Армениянын желектери илинди.
Расмий сапар Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын чакыруусу менен өтүүдө.
Президент Садыр Жапаров сапарынын алкагында БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын Лидерлер саммитине катышып, Армениянын жогорку даражалуу жетекчилери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы
