Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна барат.
Бишкек, 2026-жылдын 22-октябры – Karavan Info маалымат агенттиги. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда Жалал-Абад облусуна жумушчу сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдирди.

Сапардын алкагында президент аймактын райондорунун тургундары менен жолугушууларды өткөрөт.
Ошондой эле, Садыр Жапаров жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринен аймактын учурдагы социалдык-экономикалык абалы жана андан ары өнүгүү келечеги тууралуу маалымат угат.
Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы
