ООГАНИСТАН, 2026-жылдын 24-октябры – Karavan Info маалымат агенттиги. Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз провинциясында 22 миллион долларлык алтын казуу долбоору башталды. Жергиликтүү бийлик билдиргендей, Калай Зал районунун Сурх Бейтал жана Тахт Кабад райондорунда болжол менен алты чакырымга созулган жерде иштер жүрүп жатат.

Мамлекеттик "Бахтар" маалымат агенттигинин маалыматына ылайык, кенди иштетүү жана эксплуатациялоо боюнча келишим беш жылдык мөөнөткө түзүлгөн.
Талибан бийлиги келишимди алган компаниянын атын ачыктаган жок.
Акыркы жылдары Талибан өлкөнүн ар кайсы провинцияларында минералдык өндүрүштү кеңейтерин жарыялады. Буга чейин Ооганстандын башка түндүк провинцияларында да ушул сыяктуу кендерди казып алуу боюнча келишимдерге кол коюлган.
Сүрөт: Жасалма интеллект тарабынан түзүлгөн
