Нарындагы “Ала-Тоо” мейманканасынын участогу мамлекетке кайтарылды – ИА Караван Инфо
Нарындагы "Ала-Тоо" мейманканасынын участогу мамлекетке кайтарылды

Нарын шаарындагы “Ала-Тоо” мейманканасынын участогу мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Аталган участоктун наркы мамлекеттик административдик имараттарга жакын жайгашкандыгын эске алуу менен 97 млн.сомго бааланган. Аянты 0,32 га.

2007-жылы Нарын облустук сотунун коллегиясы тарабынан тийиштүү ыйгарым укуктары жоктугуна карабастан, прокуратура органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын нааразылыктарын эске албай, жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен М.А. аттуу КР жаранына аталган жер участогуна ээлик кылуу укугун өткөрүп берүү жөнүндө чечим чыгарылгандыгы аныкталган.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында тартылган мамлекеттик жана муниципалдык органдардын компетенттүү өкүлдөрүнөн турган комиссия тарабынан “калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлерин” жеке менчикке берүүгө тыюу салууну регламенттеген КРнын “Жер кодексинин” 78-беренесин бузуу фактылары аныкталган, бул Нарын облустук сотунун коллегиясынын ыйгарым укуктарынан аша чапкандыгы жана ал чыгарган жогоруда көрсөтүлгөн чечимдин укукка ылайыксыздыгы жөнүндө күбөлөндүрөт.

Керектүү юридикалык процедуралардан кийин аталган участок мыйзамда белгиленген тартипте Нарын шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлүп берилген.

error: