Бишкекте Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) боюнча III эл аралык конференция өтөт.
Иш-чара үстүбүздөгү жылдын 16-17-октябрына белгиленген.
Салтка айланган бул иш-чара Кыргызстандын экономикасынын негизги секторлорунда МЖӨнүн жардамы менен туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө көмөктөшүүчү биргелешкен натыйжалуу сунуштарды жана пландарды түзүү жана күч-аракеттерди бириктирүү үчүн жакшы аянта болуп бермекчи.
Ошондой эле Борбордук Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөр, аймактык жана эл аралык деңгээлдеги маанилүү маселелер талкууланмакчы.
Иш-чарага өлкөнүн жогорку жетекчилигинин, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык уюмдардын, каржы институттарынын өкүлдөрүнүн, ошондой эле чет элдик эксперттердин катышуусу күтүлүүдө.
