Шопоков шаарындагы шире чыгаруучу заводдун кубаттуулугу жогорулады – ИА Караван Инфо
Шопоков шаарындагы шире чыгаруучу заводдун кубаттуулугу жогорулады

Чүй облусундагы “Экопродукт Азия” ишканасы  модернизацияланып, жаңы жабдыктар алынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирет. 

Модернизацияланган ишкананын кубаттуулугу күнүнө 30 тоннадан 100 тоннага чейин көбөйүп, өндүрүмдүүлүк 3,5 эсе жогорулаган. 

Ишкана түз басуу жолу менен сок чыгаруучу алдыңкы компания. 11 жылдан бери 800дөн ашык дыйкан-фермерлер менен кызматташып келет.

Шопоков шаарындагы 2300 чарчы метр аянтты ээлеген завод Tetra Pakтын заманбап европалык технологиялары менен жабдылган. Анда Кыргызстандын бардык аймактарынан келген алма, алмурут, сабиз жана башка жемиштер кайра иштетилет.

Заводдо 3 литрден 220 литрге чейинки баштыктарга сок куюучу жаңы асептикалык жабдыктар дагы орнотулган. Компания жемиштерден калган калдыктардан пюре даярдоону пландаштырууда. Бул чийки затты 100% кайра иштетип, таштандысыз өндүрүшкө өтүүгө мүмкүндүк берет.

“Экопродукт Азиянын” продукциялары ISO 22000:2018, “Адал” стандарттары боюнча сертификацияланган.

Учурда анын продукциялары Кыргызстанда сатылып, Казакстан менен Өзбекстанга экспорттолот.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышып, ал туш болгон маселелерди чечүү максатында көчмө жыйында болду.

Жыйындын жүрүшүндө компаниянын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, Россия менен Кытай рыногуна чыгууга ар тараптуу көмөктөшүү боюнча министрликтин бөлүмдөрүнө тапшырма берилди.

error: