Жыл башынан бери Кыргызстанда өсүмдүктөрдүн карантини боюнча 42,1 миң экспертиза жүргүзүлдү – ИА Караван Инфо
Жыл башынан бери Кыргызстанда өсүмдүктөрдүн карантини боюнча 42,1 миң экспертиза жүргүзүлдү

Өсүмдүк айыл чарба продукцияларынан карантиндик объекттерди жана жөнгө салынуучу карантиндик эмес зыяндуу организмдерди аныктоо максатында, 2024-жылдын 9-айында өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияларына жалпы- 15 902 даана үлгү түшкөн.

Айыл чарба минстрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:

Жалпы лабораториялар 42 миң 177 экспертиза жүргүзгөн, анын ичинен 14 түр карантиндик зыяндуу организмдер (калифорния калканчысы, кызыл карагай кара муратчаны, мөмө жемиш бактарынын бактериалык күйүк оорусу, Комсток курту, тыт калканчысы, чыгыш мөмө жегичи, алча чымыны, сары чырмоок, сойломо кекире, томаттын мозаика пепино вирусу, күрөн бырыш томат вирусу, томат күбөсү, типограф кабык жегичи жана алтын түстүү картошка нематодасы) аныкталган.

Ошондой эле импорттук үрөн-көчөт материалдары боюнча 9 айда өсүмдүктөрдүн карантин боюнча лабораторияларына импорттук карантинге алынуучу продукциядан 2758 даана үлгүсү келип түшкөн, анын ичинен 2526 даана көчөттөн жана 232 үрөндөрдөн, карантиндик-зыяндуу организмдерди аныктоого 8145 экспертиза жүргүзүлгөн.

Манба: сайт https://caravan-info.kg/

error: