Казарман – Акталчат унаа жолунда асфальт төшөө иштери уланууда, деп билдирет Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, жолчулар тарабынан Бирдик-Арал-Карл-Маркс унаа жолунун 0-3-чакырымдар аралыгында автогрейдер менен тегиздөө жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү.
“Казарман – Акталчат унаа жолунун жалпы 2-5-чакырым аралыгында асфальт төшөө планга коюлган. Аталган жолдун 1,8 чакырымына асфальт басылды”, – деп айтылат маалыматта.
Жолдун калган бөлүгүнө суу өтүүчү түтүкчөлөр орнотулуп бүтүп, асфальт төшөөгө жер негизи даярдалып жатат.
Учурда 1,2 чакырым асфальт төшөлөт.
Ошондой эле Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун Арал – Казарман участогунда таштандыларды тазалоо иштери жүрүп жатат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
