Шакиев Түркмөнстанга расмий сапар менен жөнөп кетти - ИА Караван Инфо
Шакиев Түркмөнстанга расмий сапар менен жөнөп кетти

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Түркмөнстан Республикасына расмий сапар менен жөнөп кетти.

Расмий сапардын алкагында Төрага Борбор Азия мамлекеттеринин жана Корея Республикасынын парламенттеринин жетекчилеринин II жолугушуусуна катышат. 

Мындан тышкары, бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүп, кыргыз-түркмөн кызматташтыгын өнүктүрүүгө байланышкан маселелер талкууланат. Ошондой эле парламенттер аралык алакаларды арттыруу жаатындагы сунуш-пикирлер каралары күтүлүүдө. 

Кошумчалай кетсек, төрага баштаган парламенттик делегациянын курамында депутаттар Данияр Толонов, Жанарбек Акаев, Русланбек Жакышов жана Жалолидин Нурбаев бар. 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: