Бишкекте кыздардын эрктүүлүгүн даңазалаган жаңы мурал пайда болду
Бишкектеги 10-кичирайонунда кыздардын эрктүүлүгүн даңазалаган “Илбирстин күчү” аталыштагы жаңы мурал пайда болду. Ал кичи паркта жайгашкан.
Муралдын борборунда кыздын, анын артында айбаттуу жана кайратуу ак илбирстин сүрөтү чагылдырылган.
Илбирстин образы кыздын кайраттуулугу жана туруктуулугун айгинелеп турган табигий күчтү түшүндүрөт.
Бул мурал жалпы аялзатынын кайраттуулугун даңазалап турат.
Муралды Basicolors арт-тобунун сүрөтчүлөрү иштеп чыгышкан.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
