КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги Tunduk тиркемеси аркылуу жашаган жери боюнча онлайн каттоо кызматын ишке киргизди.
Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, эми өзүңүздү, балаңызды же башка жарандарды үйдөн чыкпай эле каттасаңыз болот!
Арызды кыймылсыз мүлктүн ээси гана бере алат, жана тизмеде толук менчик укугу бар турак-жайлар же батирлер гана көрсөтүлөт.
Арыз берүүчүнүн процесси (мүлк ээлери үчүн):
1. Турак-жайды тандаңыз.
2. Жеке идентификациялык номурду киргизиңиз же балаңызды тандаңыз.
3. Фотоидентификациядан өтүңүз.
4. Булуттук электрондук кол тамганы колдонуп, арызга кол коюңуз.
Катталуучу жарандын процесси:
1. Келүүнүн максатын көрсөтүңүз.
2. Фотоидентификациядан өтүңүз.
3. Булуттук электрондук кол тамганы колдонуп, арызга кол коюңуз.
Эгерде сизде кызматтын шарттарына ылайыктуу турак жай жок болсо, анда колдонмо аркылуу каттоо мүмкүнчүлүгү жеткиликтүү болбойт.
Каалаган убакта, кезексиз жана мамлекеттик органдарга барбастан катталуу мүмкүн!
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
