Айдоочулардын эсине! Бийик тоолуу унаа жолдору жазга чейин жабылды - ИА Караван Инфо
Айдоочулардын эсине! Бийик тоолуу унаа жолдору жазга чейин жабылды

Бийик тоолуу унаа жолдору жазга чейин жабылды, деп кабарлайт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун Кара-Буура ашуусундагы каттамы жана Жалал-Абад – Казарман унаа жолунун Сары-Кыр ашуусундагы каттамы 14-октябрдан баштап жабылды.

Белгиленген унаа жолдорунда өзгөчө кырдаалдын алдын алуу, адамдардын өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында Чаткал жана Сузак райондук мамлекеттик администрация башчыларынын буйругу чыгарлып, 2025-жылдын жаз мезгилине чейин жол эки тараптуу жабылганын маалымдады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларды берилген шашылыш эскертүүлөргө маани берүүгө чакырды. 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: