Чу дарыясынын 815 метр жээги бекемделди
Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Төмөнкү-Чүй айыл аймагынан өтүүчү Чу дарыясынын 815 метр жээги бекемделип, 10 миң куб метр таш төшөлүп бүттү.
ӨКМден кабарлашкандай, бул иш-чаранын алкагында 87 гектар айдоо жер жана 2 чакырым аралыктагы унаа жол корголду.
Жумуш Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Аймактарды коргоо боюнча региондор аралык борбор” мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлдү.
Ошондой эле Жайыл районунун Суусамыр айыл аймагынын Тунук жана Кайсар айылдарынын ортосундагы Арамза жайлоосуна өтүүчү көпүрөнүн жээгине 239 метр дамба куруу иштери толук бүттү.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
