15-сентябрда Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николас Фай эки өлкөнүн саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы кызматташуу ниети жөнүндө Декларацияга кол коюшту.
Эки өлкө эне жана баланын саламаттыгын сактоо, саламаттыкты сактоо тармагындагы инновациялар, анын ичинде санариптик саламаттыкты сактоо, саламаттыкты сактоо тармагындагы инвестициялык долбоорлорду колдоо, медициналык билим берүү, клиникалык жана профилактикалык медицинадагы фундаменталдык жана прикладдык илимий изилдөөлөрдү алдыга жылдыруу боюнча кызматташууну макулдашышты.
Медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү жаатындагы алгачкы иш-чаралар Ысык-Көл облусунда C3Medical француз компаниясынын башкы директору Жером Суастьенин катышуусунда телеконсультациялар боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүү менен башталган.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
