Кыргызстанда турак жайды камсыздандыруу канча турат? – ИА Караван Инфо
Кыргызстанда турак жайды камсыздандыруу канча турат?

Кыргызстандын жарандары үчүн турак жайды камсыздандыруу процедурасын оңойлоштуруу үчүн онлайн-камсыздандыруу ишке киргизилген. Бул тууралуу “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААКтын камсыздандыруу компенсациялар жана төлөмдөр бөлүмүнүн башчысы Азат Осмоналиев билдирди. 

Ал алардын уюмунун алдында жыл аягына чейин бардык жарандардын турак жайларын камсыздандыруу милдети турганын белгилеп, бул үчүн кандай иштер жасалып жатканын айтып берди.

Ал белгилегендей, Кыргызстандын мыйзамына ылайык, ар бир жаран турак жайын камсыздандырууга милдеттүү. “Бул дүйнөлүк практика, бирок биздин мамлекет мындай төлөм жана ушундай мөөнөт менен жарандар үчүн камсыздандырууну жеңилдетүү үчүн алдыга кадам жасап жатат”, – деди ал.

Осмоналиевдин айтымында, айыл жергесиндегилерге 600 сом жана шаар тургундарына 1200 сом – бул аныкталган сумма,  үйдүн наркына жана аянтына жараша  өзгөрүлбөйт. 

Ошондой эле, ал кошумчалагандай, камсыздандыруу төлөмүн тиркеме же терминал аркылуу каалаган күнү төлөй берүүго болот. Анда так датасы көрсөтүлт, камсыздандыруу мөөнөтү аяктаганда жаран камсыздандыруу полисин ыктыярдуу түрдө узарта алат. Ошол эле маалда мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун өкүлү төлөмдөрдү өз убагында төлөбөгөндөр үчүн айыптар жок экенин кошумчалады.

“Азыр биз каалаган коммерциялык банк аркылуу же мисалы, “Дордой” базарында ижара акысын төлөп жатканда төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Биздин өкүлдөр сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн ошол жерде болушат”, – деди ал.

Осмоналиев мунун баары кыргызстандыктар үчүн камсыздандыруу процедурасын жеңилдетүү жана жөнөкөйлөтүү максатында жасалып жатканын түшүндүрдү.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: