Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Кыргызстанда келет - ИА Караван Инфо
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Кыргызстанда келет

Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Талантбек Кушчубеков Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөрү менен кызматташууну өнүктүрүү боюнча мамлекеттик катчысынын орун басары Адам Штифтер менен жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу 16-октябрда Будапештте өткөн. Анын жүрүшүндө кыргыз-венгер стратегиялык өнөктөштүктүн маселелери талкууланды.

Тараптар Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын саммитине катышуусунун алкагында Кыргызстанга боло турган иш сапарын даярдоого өзгөчө басым жасалды.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 11-октябрында КР мнистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Венгрияга болгон жумушчу сапарынын жыйынтыгы чыгарылды.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн жана «Stipendium Hungaricum» стипендиялык программасын талкуулашты.

Мамлекеттик катчы Адам Штифтер мындан ары эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө үчүн Кыргыз Республикасынын Венгриядагы элчилиги менен биргелешип иштөөгө даяр экенин ырастады.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: