Зыян 8 млн сомдон ашат. Жалал-Абадда мыйзамсыз унаа ташып келүүгө аракет кылгандар аныкталды - ИА Караван Инфо
Зыян 8 млн сомдон ашат. Жалал-Абадда мыйзамсыз унаа ташып келүүгө аракет кылгандар аныкталды

«Жалал-Абад» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, 2007-жылы чыгарылган LEXUS RX 400H, 2006 жылы чыгарылган LEXUS RX 400H, 2008-жылы чыгарылган LEXUS RX 400H, 2005-жылы чыгарылган LEXUS RX 400H, 2008-жылы чыгарылган LEXUS RX 400H жана 2008-жылы чыгарылган Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунаа каражаттарына текшерүү жүргүзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад аймактык бөлүмүнөн алынган маалыматына ылайык, транспорт каражаттары Беларусь Республикасынан келгендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик реестринде катталган.

Бирок, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын бирдиктүү автоматташтырылган маалымат системасында жогоруда аталган транспорт каражаттарына карата бажылык тариздөө авто тетиктер катары жүргүзүлгөн.

Автотранспорт каражаттары Литва Республикасынан келген жана колдонулган авто тетиктер катары бажылык таризделген, андан кийин Кыргыз Республикасынын аймагында чогултулуп, бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу максатында Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө Беларусь Республикасынын жасалма техникалык паспортунун негизинде катталган. 

Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 8 449 428 сомду түзгөн. Факт КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: