Профессор, КР эмгек сиңирген юристи Кайрат Осмоналиев “ЕАЭБ жана “Бир алкак – бир жол” концепциясы: байланыш чекити” аттуу тегерек столдо сөз сүйлөдү.
Тегерек стол Кыргызстандагы «Караван инфо» маалымат агенттигинин расмий ачылышына карата уюштурулду.
Айтымында, Борбор Азия чөлкөмү Кытайга географиялык жакындыгынан улам, экономикалык чөйрөдө активдүү кызматташтык аймагына айланып баратат.
“Кытай Эл Республикасынын башчысы Си Цзиньпин Астанада “Бир алкак, бир жол” концепциясын жарыялагандан жана аны ишке ашыруудан бери 11 жыл өттү. Бул дүйнөлүк интеграциялык соода долбоорун ийгиликтүү болду деп эсептөөгө болот. Кытайдын Борбор Азиянын беш өлкөсү менен соода жүгүртүүсү 2022-жылы 70,2 миллиард долларды түздү, бул мындан 30 жыл мурункуга караганда 100 эсеге көп, деп билдирди Кытайдын соода министри Ван Вэнтао. Акыркы жылдарда Борбор Азия өлкөлөрүнүн соода жүгүртүүсүнүн көрсөткүчтөрү жана көлөмү туруктуу өсүүнү көрсөттү”, – деди ал.
Каныбек Осмоналиев “Бир алкак, бир жол” демилгеси чоң жолдогу тегерегинде жайгашкан мамлекеттердин ортосундагы байланышка гана эмес, бүтүндөй региондук экономикалык өнүгүүгө, өзгөчө деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок Борбор Азияга натыйжалуу салым кошконун белгиледи.
“Ошол эле учурда Борбор Азия республикалардын, ошондой эле аймактык процесстердин мүнөзүн жана динамикасын аныктоочу тышкы акторлордун активдүү атаандаштык зонасына айланды.
Албетте, аймактагы өлкөлөр өздөрүнүн эбегейсиз жаратылыш ресурстарын өнүктүрүү жана киреше алуу үчүн инвестицияга муктаж. Казакстандан башкасынын экономикасы өлкө ичиндеги өнүгүү максаттарына жетүүгө жетиштүү каражат бере албайт жана эл аралык соода түйүндөрүнө кошулуу үчүн ири инвестициялык долбоорлорго абдан муктаж.
Ал эми Кытай 2013-жылы Жибек Жолундагы Экономикалык алкактын негизинде жарыяланган “окшош тагдыр коомчулугун” куруу максаттарын аткарып, Борбор Азия өлкөлөрүнө каражат бөлүүдө. Ошол эле учурда Борбор Азия өлкөлөрү Кытай менен ар кандай байланышта. Ошентип, жүздөгөн бизнес долбоорлорду сунуштаган Өзбекстан Кытайдын каржы институттары менен активдүү иштешсе, Казакстан жана Тажикстандан ондогон бизнес долбоорлор сунушталып жатат. А Кыргызстан болсо жайбаракаттык жана кандайдыр бир деңгээлде пассивдүүлүктү көрсөтүүдө”, – деп белгиледи профессор.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
