Кыргызстандагы коммерциялык банктардын бирине 441 миң сом айып салынды - ИА Караван Инфо
Кыргызстандагы коммерциялык банктардын бирине 441 миң сом айып салынды

ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү КР мыйзамдарынын талаптарды бузгандыгы үчүн коммерциялык банк жоопкерчиликке тартылды, деп билдирет Финансы министрлигинин басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (ТИК/ККЛК) чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бузгандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 355-беренесине ылайык, Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы коммерциялык банкка 441 миң сом өлчөмүндөгү 7 айып пул салды (жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жеке жана юридикалык жактары менен операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү берүү талаптарын, тартибин жана мөөнөтүн бузуу).

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: