Балыкчы – Кочкор трассасы убактылуу жабылат
Балыкчы – Кочкор трассасы убактылуу жабылат, деп билдирет “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 16-октябрынан тарта дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү саат 8.00дон-17.30га чейин Балыкчы – Кочкор унаа жолунун Кубакы ашуусуна бурулушка чейинки 39+90-чакырымына – 42+90-чакырымына чейин 1 ай аралыгында жабылат.
Аталган тилкенин жабылуусу Балыкчы – Кочкор темир жол куруу долбоорунун” курулушунун ишке ашыруунун алкагында долбоорлонгон темир жол тилкесинин 37-чакырымдан 43-чакырымга чейинки аралыкта аска таштарды бургулоо жана жардыруу иштери жүргүзүлүшүнө байланыштуу.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
