Венадагы эл аралык уюмдардын алдындагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлчүлүгү менен ЕККУ, БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы (БУУ БКБ) жана Австриянын Туруктуу өкүлчүлүгү менен биргеликте “Куралдардын жана ок-дарылардын запастарын коопсуз башкаруу – жарандарды коргоого, экологиялык коркунучтарды азайтууга жана мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө салым кошуу” темасында сайд ивент уюштурулду. Бул тууралуу КР ТИМдин билдиришти.
Маалыматка ылайык, БУУнун Венадагы Эл аралык борборунда бул иш-чаранын жүрүшүндө Австриянын БУУдагы Туруктуу өкүлү Габриэла Зельнер кириш сөзүн сүйлөдү.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү Т. Макеев өлкөнүн Австриянын Федералдык Коргоо министрлигинин катышуусунда ЕККУ жана БУУ БКБ долбоору аркылуу Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоордун алкагында өлкөнүн жеңил курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана коопсуз башкаруу жаатындагы жетишкендиктери тууралуу баяндама жасады.
Кыргызстандын Туруктуу өкүлү өз сөзүндө кыргыз тараптын жарандарды коргоо, экологиялык коркунучтарды азайтуу, ок атуучу куралдардын жана жеңил куралдардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы күрөшүү боюнча оң практикалык тажрыйбасы менен бөлүштү.
Аталган чөйрөдө Улуттук координатор катары Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын негизги ролун баса белгиледи.
Аталган долбоорго каржылык жана техникалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн Эл аралык уюмдарга жана донор өлкөлөргө ыраазычылык билдирди.
Андан соң ЕККУнун өкүлү Синтия Оскальни, Австриянын Коргоо министрлигинин өкүлү Стефан Сандер жана БУУ БКБнын өкүлү Симонетта Грасси баяндама жасашты.
Иш-чара катышуучулардын жана чакырылган адамдардын суроолоруна жооп берүү менен аяктады.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
