БРИКС – БУУнун коопсуздук системасынын альтернативасына айланышы мүмкүн. Мындай пикирин Евразиянын стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору Бакыт Жумагулов “Караван-Инфо” редакциясына билдирди.
– Дүйнөдө БУУнун коопсуздук системасы кризиске учурады. Бүгүнкү күндө Чыгыш Европада – Украина менен Россиянын ортосунда согуш жүрүп жатат, Америка баш болуп Украинаны курал-жарак жагынан камсыздоодо. Жакынкы Чыгыш – Палестина менен Израилдин ортосунда кандай процесстер орун алганын көрүп жатабыз. Мына, ушулар коопсуздук системасынын кризисин чагылдырууда. Азыр экинчи дүйнөлүк согуштан кийин калыптанган коопсуздук системасы кыйынчылыкка кептелди. Анын көп себептери бар, аларга токтолбой эле коелу, бирок бул факт.
Ошондуктан, азыр дүйнөдөгү өлкөлөр кандайдыр бир альтернативдүү дагы бир коопсуздук системасын карап чыгалы дешүүдө десек жаңылбайбыз. БРИКС так ушундай аянтча болуп берүүдө. Биринчи БУУнун коопсуздук системасынын кризисине жооп катары экономикалык өзгөчө форматты берип туруп, андан ары коопсуздук маселесине кандайдыр бир таасир этиши мүмкүн. Албетте, мындай процесстерге Кыргызстан катышуусу керек. Биз дүйнөдөгү өзгөрүү процесстеринен артта калбоого тийишпиз.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
