Түптө жаңы оорукана комплекси пайдаланууга берилди - ИА Караван Инфо
Түптө жаңы оорукана комплекси пайдаланууга берилди

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Түп айылында жаңы оорукана комплексинин курулушу бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

Мамкурулуш агенттигинен билдиришкендей, оорукана 60 орунга ылайыкташтырылган. 

Комплекстин курулушу 2015-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Объекттин курулушуна 88 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Долбоор боюнча 1338 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имаратта, төрөт зал, жандандыруу бөлмөсү, операция залы, процедуралык бөлмөсү жана 2,3,4 орундуу палаталары каралган.

Оорукана замандын талабына ылайык курулуп, техникалып аппараттар менен камсыздалды.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: