Эксперт: Кытай менен кызматташууда Борбор Азияда бир гана Кыргызстан артта калды - ИА Караван Инфо
Эксперт: Кытай менен кызматташууда Борбор Азияда бир гана Кыргызстан артта калды

Кытай соода жүргүзүүгө жөндөмдүү өлкө, Кыргызстан анын ошол сапатын өзүнө сиңириши керек. Мындай пикирин Евразиянын стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору Бакыт Жумагулов “Борбордук Азия, ЕАЭБ, “Бир алкак-бир жол” концепциясы: байланыш түйүндөрү жана өз ара аракеттенүү” аттуу тегерек столдон кийин “Караван-Инфонун” суроосуна жооп берип жатып билдирди.

– Кытай “Бир алкак – бир жол” долбоору аркылуу “тагдырыбызды бирге өзгөртүүнү” сунуштап жатат. Кытайды соода-сатыкты укмуштуудай өнүктүргөн соодагер өлкө катары карасак болот. Бул мамлекет соода кылуунун ыкмасын жакшы билет, жөндөмү күч. Биз ошол нерсени өз пайдабызга колдонушубуз керек.

Мында, белгилей кетчү маанилүү нерсе, Борбор Азиянын Кыргызстандан башка мамлекеттери “Бир алкак-бир жол” долбоорунун алкагында Кытайга көп долбоорлорду берип, бул жаатта кызматташып жатат. Бир гана биздин өлкө нормалдуу долбоор бере элек, биз ушул жактан көп иш алып барышыбыз керек.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: