Кызыл-Кыя шаары аркылуу өткөн Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун 76-800-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы кабарлайт.
Кырсык 18-октябрда саат 02:50дө катталган.
Маалыматка ылайык, Ош облусунун Ноокат районунун Төөлөс айылынын 29 жаштагы Ж.Н. аттуу тургуну өзүнүн “Мерседес-Бенц-211” үлгүсүндөгү автоунаасы менен батыштан-чыгышты карай унаасын башкарып бара жатып, карама-каршы тилкеге чыгып кеткен.
Натыйжада каршы багытта, тактап айтканда, чыгыштан-батышты көздөй унаасын башкарып келе жаткан Кызыл-Кыя шаарынын 57 жаштагы И.А.аттуу тургунунун “Хонда-Степвагон” үлгүсүндөгү автоунаасын сүзүп жол кырсыгына учураган.
Кырсыктан 4 адам каза болуп, дагы төртөө ооруканага жеткирилген.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, жол кырсыктын жагдайлары боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
