Бактыгүл Шамшидинова билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин директору болду - ИА Караван Инфо
Бактыгүл Шамшидинова билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин директору болду

Бактыгүл Шамшидинова билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлайт. 

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кой койлгон.

“”Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү маселелери жөнүндө” КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору” мекемесинин аталышы Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти болуп өзгөртүлдү”, – деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле, аталган токтом менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти жөнүндө жобо жана Кыргыз Республикасында формалдуу билим берүүнүн сапатына тандама тестирлөө жана баалоо жүргүзүү тартиби бекитилди.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: