Бишкекте "АгроТехЭкспо-2024" көргөзмөсү жана "Алтын күз" жарманкеси өтүүдө
Бишкекте Т.Усубалиев атындагы аянтта салтка айланган “АгроТехЭкспо-2024” республикалык агроөнөр жай көргөзмөсү жана “Алтын күз” азык-түлүк жарманкеси өтүүдө.
Көргөзмөдө айыл чарба техникасынын жана кайра иштетүү өнөр жайындагы жаңы инновациялык технологиялар, үрөндөрдүн сорттору, жер семирткичтердин түрлөрү, ветеринардык жабдыктар, дары-дармектер, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары, агрохимикаттар, асыл тукум жаныбарлардын породалары жана башка көптөгөн заманбап айыл чарба жаатындагы техникалар, жабдуулар, шаймандар коюлган.
Иш-чара 20-октябрга чейин уланат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
