Кыргызстанга кагаз баштыктардын 95%ы чет өлкөдөн алынып келинет
Кыргызстанга полимердик баштыктардын 85% жана кагаз баштыктардын 95% чет өлкөлөрдөн алынып келинет. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирет.
Ведомство экологиялык жактан таза альтернативаларга өтүү жана жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүү зарылдыгын баса белгилейт.
Министрлик жарандарды айлана-чөйрөнү коргоо үчүн пластик жана полимер баштыктарына тыюу салган мыйзамды колдоого чакырат.
Белгилей кетсек, бүгүн кагаз пакеттер күнү белгиленүүдө.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
