Сокулукта экологиялык рейд учурунда жарадар болгон кара батперек куткарылды - ИА Караван Инфо
Сокулукта экологиялык рейд учурунда жарадар болгон кара батперек куткарылды

Чүй облусунда экологиялык рейд учурунда жарадар болгон кара батперек куткарылды, деп билдирет  Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалымат кызматы. 

Билдирүүгө ылайык, Чүй регионалдык башкармалыгынын инспектору 17-октябрда рейд өткөрүшкөн. Анын алкагында Сокулук районунун Жаңы-Пахта айылында жаракат алган ителги уруусуна кирген жарадар болгон сейрек кездешүүчү Кара батпырак (айры куйруктуу) куш куткарылды.

Кара батпырак андан ары реабилитациялоо үчүн “Бугу-Эне” коомдук фондуна өткөрүлүп берилди.

Фонд жапайы жаныбарларды куткарууга жана калыбына келтирүүгө адистешкен жана анын кызматкерлери дароо канаттууларды дарылоо жана реабилитациялоо боюнча ишти башташты.

Кара батперек жашоо чөйрөсүнүн начарлашынан жана мыйзамсыз аңчылыктан улам жоголуп бараткан түр болуп саналат. Инспекторлор жапайы жаратылышты коргоого жана экологиялык кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган рейдтерди жана иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп турушат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: