Исаева: Биз Россия менен байланыштарды мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдарбыз - ИА Караван Инфо
Исаева: Биз Россия менен байланыштарды мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдарбыз

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева депутаттар Алишер Эрбаев, Бакыт Тентишев, Динара Ашимова, Айсулуу Мамашова жана Карим Ханджеза менен биргеликте Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын коопсуздук жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Василий Пискарев менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирет.

Иш-чарага аталган комитеттин депутаттары Юрий Афонин, Дмитрий Савельев, Михаил Старшинов, Александр Терентьев да катышты.

Жамиля Исаева эки өлкө ортосундагы саясий алакалардын жогорку динамикасын белгилеп, мамлекет башчыларынын өз ара расмий иш сапарларын эске салды. 

«Биз Россия Федерациясы менен диалогду жана бардык тармактар боюнча калыптанган байланыштарды мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдарбыз. Мамлекеттерибиздин ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыгы эки тараптуу деңгээлде да, КМШ ПАА жана ЖККУ ПА сыяктуу парламенттер аралык уюмдардын форматында да жигердүү өнүгүүдө», – деген эл өкүлү Кыргызстан инвестицияларды тартууга, Россия менен соода-экономикалык мамилелерди арттырууга даяр экендигин кошумчалады.

Муну менен катар Джамиля Исаева коопсуздук жана коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөлөрүндөгү маселелерге токтолуп, алар туруктуу өнүгүүдө негизги роль ойнорун белгиледи.

Жолугушууда депутат Алишер Эрбаев Мамлекеттик Думанын депутаттарынын көңүлүн Россия Федерациясынын миграциялык саясатына байланышкан мыйзамдарына киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө бурду. Ал белгилегендей, Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу жөнүндө келишимде товарлардын эркин жүрүүсүн жана уюмга мүчө өлкөлөрдүн жарандарына эмгек ишмердүүлүгүн тоскоолдуксуз жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү ченемдер бар.

Өз кезегинде Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын коопсуздук жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Василий Пискарев биримдик жана стратегиялык өнөктөштүк принциптеринин негизинде өнүгүп жаткан эки тараптуу мамилелердин жогорку динамикасын белгиледи.

Ошону менен бирге комитет төрагасы тармактык комитеттердин деңгээлинде коррупцияга, терроризмге, наркокылмыштуулукка каршы аракеттенүү чөйрөлөрүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү маселелери боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады.

Ошондой эле Василий Пискарев Россия Федерациясынын миграциялык саясатына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзамдарга токтолуп, ал Жогорку Кеңештин депутаттарын мыйзамсыз миграцияга каршы турууга багытталган деп ишендирди.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: