Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде бүгүн КР Социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин күнүнө карата сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Сыйлыктарды министрдин биринчи орун басары Мухтарбек Арапбаевич Баймурзаев тапшырды. Ал үзүрлүү эмгектери үчүн сыйлык ээлерин куттуктап, алдыдагы ишмердүүлүктөрүнө ийгиликтерди каалады.
Көп жылдык үзүрлүү жана ак ниет эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү үчүн Жогорку Кенештин Ардак грамотасы менен, министрликтин борбордук аппаратынан 4 кызматкер, түзүмдүк бөлүмдөн 2 кызматкер сыйланды.
Ошондой эле Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин борбордук аппаратынан, ведомстволук жана түзүмдүк бөлүмдөрүнөн 105 кызматкер Социалдык коргоонун отличниги төш белгиси жана 122 кызматкер Министрликтин Ардак грамотасы менен сыйланышты.
Андан тышкары, КР президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы менен министрликтин борбордук аппаратынын 5 кызматкери сыйланды.
Кызматкерлерди куттуктап КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Абышев Кылыч Асаналиевич келип, министрликтин 13 кызматкерине Алкыш баракчаларын тапшырды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
